Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Аксы районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы менен таанышты. Мамлекет башчысына Аксы районунда ишке ашырылган долбоорлор жана келечектеги өнүгүү багыттары көрсөтүлгөн.
Инвестициялар жана пайдаланылган объекттер
Мамлекеттик жана жеке инвестициялардын коштоосу менен бул мезгил аралыгында Аксы районунда жалпысынан 78 объект пайдаланууга берилген. Мамлекеттик инвестициялар менен 65 объект, ал эми жеке инвестициялар менен 13 объект ишке киргизили.

















