Абу-Даби шаарында өткөн AJP World Pro 2026 эл аралык турниринде кыргызстандык спортчу ийгиликтердин бирин жаратты. Ысык-Көл облусунун Тон районундагы Боконбаево айылынан келген Рустам Курманбек уулу джиу-джитсу боюнча мелдештин жыйынтыгында үчүнчү орунду ээледи.
Спортчу Gi (кимоно менен күрөшүү) бөлүмүндө, Masters 2 жаш курагында жана 120 килограммга чейинки салмак категориясында өнөрүн көрсөткөн. Бул мелдеш дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген мыкты спортчулардын катышуусу менен өткөн эң ири турнирлердин бири болуп саналат.












