Каракол шаарынын тургуну Турар Нурланов акыркы жылдары арашан тукумундагы кочкорлорду көбөйтүү менен алектенүүдө. Анын чарбасындагы малдарды чектеш өлкөлөрдүн тургундары да сатып алышат.
Турар Нурланов 1996-жылы 15-апрелде төрөлгөн. Ал Караколдогу Т. Сатылганов атындагы лицейди бүтүрүп, медициналык колледжден фельдшер кесибин алган. Андан кийин кыргыз армиясында кызмат өтөп, кайтып келгенден соң Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тоо куткаруучулар отрядына Шахты-Жыргалан айылында куткаруучу болуп иштеген. Ал кездеги жаш адис катары көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап калууга салым кошкон.
Негизинен биз көптөгөн эс алуучуларды куткарганбыз. Көбүнчө күн батканда адамдар жолду таба албай, тоодон түшө алышпай калышат. Ар кандай кырдаалдарда куткаруу иштерине катыштык. Бул кызматта себетте болбосоң да, ар дайым байланышта болуш керек. Анткени жалпы чогулуш болгондо, каалаган кырдаалда куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн чыгып кетүү зарыл.
Кызмат өтөө учурунда Нурланов бир катар ыраазычылыктар менен сыйланган. Ал өзүнүн эң эсте калган күнү жөнүндө төмөндөгүдөй айтып берди:
Документтен
Чет өлкөдөн туристтер келишкен. Жыргалан айылында кышында абдан суук болот жана кар көп жаайт. Мен куткаруучу болуп иштеп жүргөндө дем алыш күнүм болчу. Ал айылдагы таанышым мени кечки тамакка чакырып, тоодо турист калып калганын жана бороон баштап жатканын айтты. Мен макул болуп, экөөбүз аттар менен жөнөдүк. Түнүбүз бою, эртең мененки саат 4кө чейин издедик. Бирок таба алган жокпуз. Кийимдерибиздин баары суу болуп кеткен.
Ал кездеги куткаруу иштеринде байланыштын жоктугу жана катаал аба ырайы эң чоң кыйынчылык болгон.












