Бириккен Араб Эмираттарында 11-13-ноябрь күндөрү өтүп жаткан Abu Dhabi World Youth Jiu-Jitsu Championship 2026 чемпионатында кыргызстандык спортчулар өздөрүнүн чеберлигин көрсөтүштү. Натыйжада алар жалпысынан жети медаль утушту.

Спортчу Саида Сабырова жаштар жана кыз-келиндер арасындагы дүйнө чемпионатында алтын медаль утуп, чемпион атынан аталып чыкты. Teen категориясындагы кыз-келиндер арасында (44 килограммга чейинки салмактан) кыргызстандык спортчу Казахстандан жана Бразилиядан келген атаандаштарын жеңип өткөн.

Кыргызстандын медаль санын

1алтын медаль
1күмүш медаль
5жез медаль

Сабыровадан тышкары, кыргызстандык жаш спортчулар ар кандай категорияларда бир күмүш жана беш жез медаль менен сыйланшты.