Демилге суу-саздуу жерлерди, анын ичинде көлдөрдү, саздак аймактарды жана башка суу экосистемаларын коргоонун бирдиктүү тартибин киргизүүнү көздөйт. Министрлер кабинетинин токтомунун долбоору азыр коомдук талкууда турат.
Документ табигый аймактарды булгануудан, бузулуудан жана чарбачылыктын ашыкча жүгүнөн коргоо үчүн иштелип чыккан. Анын максаты — сейрек кездешүүчү жаныбарлардын жана сууда сүзүүчү канаттуулардын жашоо чөйрөсүн сактап калуу.
Долбоорго ылайык, өлкөдө суу-саздуу жерлерди каттоо (инвентаризациялоо), алардын чек араларын тактоо, экологиялык абалын баалоо жана туруктуу мониторинг уюштуруу пландалууда. Бул иштер «жаратылыш коргоо режимин» киргизүүгө негиз болмокчу.
Өзгөчө экологиялык мааниге ээ аймактарда атайын жаратылыш коргоо режими белгиленет. Ал мал жаюуга, айыл чарба иштерине, туристтик объектилерди курууга, суу чарба курулмаларын жана чакан ГЭСтерди пайдаланууга кошумча талаптарды киргизиши мүмкүн.
Бирок документте аталган иш-аракеттерге автоматтык түрдө тыюу салуу каралган эмес. Аларды белгиленген экологиялык талаптарды сактоо менен жүргүзүүгө уруксат берилет.
Суу-саздуу жер катары таануу жана жаратылыш коргоо режимин киргизүү жер участогун алып коюуга же анын категориясын жана максаттуу багытын өзгөртүүгө автоматтык түрдө алып келбейт.
Жер ээлеринин укуктары өзүнчө корголот. Эгерде аймак суу-саздуу жер деп таанылса жана коргоо режими киргизилсе, бул участокту тартып алууга же анын багытын өзгөртүүгө себеп болбойт.
Жаратылыш ресурстары министрлигине мындай аймактарды эсепке алуу методикасын иштеп чыгуу, картографиялык материалдарды даярдоо жана маалыматты үзгүлтүксүз жаңыртып туруу милдети жүктөлөт.
















