Бишкекте президент Садыр Жапаровдун Аламүдүн районунун тургундары менен жолугушуусунда Байтик айылында көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу маселеси көтөрүлдү. Бул тууралуу Кабар маалымат агенттиги билдирди.

Бул жерге 1500 адамга квота бөлүнгөн, ошондой эле инвестор көп кабаттуу үйлөрдү курууга даяр. Тургундардын атынан сизден бул ишти көзөмөлгө алып, тездетүүнү суранам.
Жергиликтүү тургун Малик Ниязалиев

Жергиликтүү тургун Малик Ниязалиевдин айтымында, Байтик айылында жалпысынан 26 гектар трансформацияланган жер бар.

Президент инвестор жерди алып, элди алдап кетиши мүмкүн деген кооптонуусун билдирди.

Жалпысынан, жыйындан кийин Мамлекеттик ипотекалык компанияга кайрылып, бардык маалыматты бериңиз. Мамлекет аларды өзү кургандай кылалы.
Президент Садыр Жапаров

Ошентип, президент маселени мамлекеттик деңгээлде чечүү үчүн Мамлекеттик ипотекалык компанияга кайрылууну сунуштады.