Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Сокулук районунун тургундары менен өткөн жолугушууда жер тилкелери боюнча сот териштирүүлөрү аяктаганга чейин жарандар жашап жаткан үйлөрдү бузбоо керектигин айтты.
Мэрдин айтымында, кээ бир тургундар үйлөрүн куруп, болжол менен 20 жылдан бери жашап келишет, бирок документтер боюнча жер участоктору бир нече жолу башка адамдарга сатылып кеткен.
Ал өз сөзүндө сот органдарына чечим чыгарууга жана териштирүү аяктаганга чейин, өзгөчө кыш мезгилинде, адамдар жашап жаткан үйлөрдү бузбоого тапшырма берүүнү өтүндү.
Президент Садыр Жапаров болсо мамлекеттик комиссияга жана прокуратурага жер участоктору жана үйлөр боюнча бардык талаштуу маселелерди карап чыгууну жана бул ишти мүмкүн болушунча тезирээк бүтүрүүнү тапшырды.












