Бишкекте 20 мектептин курулушу учурда акыркы этапка чыкты. Бул боюнча 11-августта Кыргызстандын курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеге тиешелүү долбоорлорду ишке ашырып жаткан подрядчылар жана министрликтин бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү катышты. Алар ар бир мектептин курулушунун азыркы абалы, жүрүшү жана кийинки этаптары тууралуу маалымат алышты.

Министр Орунтаев ар бир күн сайын курулуштар боюнча так маалыматтарды, ошондой эле жасалган иштердин фотосу жана видеосу менен отчётторду убагында берүү зарылдыгын белгиледи.

"Убакытты өткөрүп жиберүүгө жол жок. Ар бир подрядчы өз милдетин жоопкерчилик менен аткарып, мөөнөтү менен сапатты камсыздашы керек", - деп баса белгиледи министр.
Нурдан Орунтаев, курулуш министри

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча жыл башында Бишкек, Ош жана Манас шаарларында мугалимдер жана окуучулардын саны көп болгон 36 мектеп куруу тапшырылган. Бишкекте ушул жылдын февраль-март айларында 20 мектептин курулушу башталган.