Кыргызстанда tolom.kg расмий сервисин имитациялаган фишинг сайттар аркылуу алдамчылык учурлары көбөйдү. Бул тууралуу Генералдык прокуратура билдирди.
Tolom.kg сервиси айып пулдарды текшерүү үчүн гана кызмат кылат жана ал төлөмдөрдү кабыл албайт, ошондой эле банктын карталарынын реквизиттерин сурабайт.
Шылуундар жарандарга унаа жол эрежесин бузгандары үчүн айып пулдары бар болуп, tolom.p4zr.top, tolom.a7km.top жана tolom.pw сыяктуу жасалма сайттарга шилтемелерди жөнөтөт.
Бул сайттарда колдонуучулардан банк картасынын номери, CVC/CVV коду жана SMS менен келген тастыктоо коду талап кылынат, бул маалыматтарды берүү акчаны уурдоого алып келиши мүмкүн.
Генералдык прокуратура жарандарды шектүү шилтемелерге кирбөөгө жана сырттан банктын маалыматтарын киргизбөөгө чакырат.
Айып пулдарды текшерүү үчүн гана tolom.kg расмий сайтына, мамлекеттик порталдарга же банктардын расмий мобилдик тиркемелерине кайрылуу керек.
Алдамчылык фактысы аныкталган учурда тезинен укук коргоо органдарына билдирүү керек.

















