Алдамчылар төлөм документтерин жасалма жасап, шектүү шилтемелерди жана QR-коддорду колдонуу менен адамдарды алдоо схемасын ишке ашырышууда. Мындай шилтемелер аркылуу өтүү же коддорду сканерлөө төлөм маалыматтарынын уурдалышына жана акчаңыздын жоголушуна алып келиши мүмкүн.
Улуттук банктын маалыматы боюнча, жарандар коммуналдык кызматтар үчүн карыздар же айып пулдар жөнүндө маалыматты болгону тиешелүү уюмдардын расмий сайттары жана банктык тиркемелер аркылуу гана текшерүүсү зарыл.
Ошондой эле, шектүү ресурстарда банктык реквизиттерди киргизбөө жана алдамчылардын улооосуна алдырбоо сунушталат.






