Кабар агенттиги билдиргендей, жашаган жери боюнча каттоону онлайн форматка которуу аркылуу Калкты тейлөө борборуна баруу зарылдыгы жоюлду. Бул тууралуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси билдирди.

Онлайн кызмат турак жайдын ээлерине өздөрүн, балдарын же башка жарандарды үйдөн чыкпай эле каттоого алууга жол ачат.

Үй ээлери үчүн каттоо тартиби:

  • Турак жайды тандоо
  • Жеке идентификациялык номерин (ПИН) же баласын көрсөтүү
  • Онлайн идентификациядан өтүү
  • Электрондук кол тамга менен арызга кол коюу

Жашаган жери боюнча катталуучу жарандар үчүн:

  • Келүү максатын тандоо
  • Онлайн идентификациядан өтүү
  • Электрондук кол тамга менен арызга кол коюу

«Кызмат» мамлекеттик мекемесинин белгилешинче, бул жаңы кызмат Калкты тейлөө борборлоруна барбай, кезексиз, каалаган ыңгайлуу убакытта каттоону тариздөөгө шарт түзөт.