Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов Жалал-Абад облусуна болгон иш сапары учурунда Ноокен районундагы бир катар социалдык объекттердин абалын текшерди. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинен билдирилет.

Маматканов райондук тарыхый-этнографиялык музейге жана китепканага барды. Бул мекемелер 2026-жылдын сентябрь айында курулушу аяктаган жаңы имараттарда иштеп жатат. Учурда музей менен китепкананын материалдык-техникалык базасы белгиленген талаптарга жооп бере турган деңгээлде экени белгиленди.

Андан соң Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Ноокен райондук жалпы медициналык практика борборунун ишмердүүлүгүн карап чыкты. Текшерүү учурунда медициналык мекеменин жаңы имараттарга жана техникалык жабдууларын жаңылоого муктаж экендиги аныкталды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында социалдык объекттердин ишин жакшыртуу боюнча бир катар тапшырмалар берилди.