«Эл умуту - Ата-Журт» депутаттар тобунун жыйынында Улугбек Ормонов Кыргыз-Түрк «Манас» университети башка окуу жайлардан айырмаланып, өзүнчө экзамен өткөрүп жаткандыгына суроо берди. Анын айтымында, мыйзам бардык окуу жайлар үчүн бирдей болушу керек, ошондуктан жеке менчик жана «Манас» университети сыяктуу окуу жайлар да абитуриенттерди ОРТ аркылуу кабыл алышы зарыл.

Депутат ОРТ тестирлөөсүн Билим берүү министрлиги өткөрүшү керектигин кошумчалады.

Биз өзүбүздү өзүбүз кысып коюуну токтотушубуз керек! Түркия каржылап жаткандыгы үчүн гана 20-30 гектар жерди бөлүп берип, жөн эле карап отура беребизби? Биздин өлкө сырттан каржылоого муктаж эмес деңгээлге жетти. Өзүбүз каржылай алабыз. Ошондуктан ички, ОРТдон бөлүнүп турган экзамендерди токтотуу зарыл.
Улугбек Ормонов

Илим, билим берүү жана инновациялар министрлигинин орун басары Нарынбек Кубатбек уулу «Манас» университети ОРТ жыйынтыктарына көңүл бурганын, бирок кошумча экзамендин өткөрүлүшүнүн себебин түшүндүрдү. Анын айтымында, окутуу Түркия тарабынан берилген гранттардын эсебинен жүргөндүктөн жана өкмөттөр аралык макулдашуу бардыгынан улам мындай тартип сакталууда.