Манас шаарына караштуу Тоо-Кызыл-Суу айылында ачка аюулар менен карышкырлар айылдын ичинде жүрө баштаганы айтылууда. Бул жагдай жергиликтүү тургундардын коопсуздугун коркунучка чалды. Бул маселе Жалал-Абад облусундагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Шабданбай Абдыраим уулунун тургундар менен жолугушууда көтөрүлдү.
Айыл тургуну Рустамбек Чекировдин айтымында, бир нече жыл мурун жырткычтар жайлоодо мал менен аары уяларын гана бузуп жүргөн болсо, акыркы бир жыл ичинде аюулар жана карышкырлар түздөн-түз айылдын ичине кирип келе баштаган.
Бир ай мурун аюу эки тургундун 10 койун бузуп кетти. Бир жума мурун дагы дагы бир айылдаштын койун жеп кетти. Акыркы 2 жыл ичинде мал жана аары кармаган адамдар жырткычтардындан улам кирешесиз калып жатышат. Алар айылда жүрө баштаганда, биз балдарыбызга эмне болот деп коркуп жатабыз. Балдар мектепке жөө барышат. Бул жылы глеб али түшө электе эле алар айылда жүрө башташты. Аюу адамга кол тийгизгенде гана ойлоносузбу? Карышкырлардан да жыл сайын болжол менен 15–20 баш мал жоготуп жатабыз.
Жырткычтардын зыяны
Облустук ведомстволордун өкүлдөрү аюу маселеси боюнча Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине кайрылышканын билдиришти. Карышкырларды жок кылуу боюнча иштер жүрүп жатса, аюу Кызыл китепке киргендиктен жана ага аңчылык кылууга тыюу салынгандыгына байланыштуу, андан ары аракеттер министрликтин жообуна жараша болот.
















