Сузак районунун Жоон-Күнгөй айылында ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча ишке ашырылган долбоордун жыйынтыгы боюнча айылдыктар нааразы болушууда. Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен жолугушууда айыл тургуну Алибан Мейманов суунун сапаты өтө начар экенин билдирди.

Анын айтымында, айылга таза суу жетүү үчүн түтүктөр тартылганы менен, суу чыгаруучу скважина долбоорго киргизилген эмес. Натыйжада, суунун сапаты өтө начар болуп, эл курттар бар сууну ичип жатышат.

Айылга 27 миллион сомдук иштер жүргүзүлгөн дешкен, бирок жыйынтык жок. Таза суу үчүн түтүк тартышты, бирок скважинаны иштеткен эмес. Скважина жок болсо, таза суу да жок. Курулуштар эскирип калган. Эч ким санитардык абалды текшербейт. Адамдар курттар бар сууну ичип жатышат. Мамлекеттик казынадан миллиондогон сомдор жөн эле шамага кеттиби?
Алибан Мейманов, Жоон-Күнгөй айылынын тургуну

Тиешелүү ведомстволор бул кырдаалды жергиликтүү жерде изилдеп чыгууну убада кылышты. Ошол эле учурда Сузак районунун акими Дамир Кулубаев эл менен болгон мурунку жолугушууларда көтөрүлгөн маселелердин 73 пайызы чечилгенин айтты.

Сузак районундагы кайрылуулардын статистикасы

Тургундардын кайрылуулары боюнча маалымат

712жалпы маселе
523аткаруу процессинде
128көзөмөлдө
61чечилген эмес

Акимдин маалыматы боюнча, май айынын 11-күнүнөн 20-күнүнө чейинки жолугушууларга 397 адам катышкан. Алардын ичинен 112 кайрылуу республикалык деңгээлге тиешелүү.