Улан Маматканов медициналык мекеменин кызматкерлери менен жолугушуп, суроо-жооп форматында ачык баарлашты. Бул учурда Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов да катышты. Түздөн-түз жолугушуу учурунда кызматкерлер өз сунуштарын айтып, маанилүү маселелер боюнча суроолорун бердилер.

Чечимдерди ыкчам кабыл алууну, жетекчилердин жеке жоопкерчилигин жана коюлган милдеттердин аткарылышын туруктуу көзөмөлдөөнү камсыз кылуу зарыл.
Улан Маматканов

Өткөрүлгөн иш сапардын алкагында жаңы жабдууларды орнотууга даярдануу процесси каралды. Атап айтканда, компьютердик томограф жана ангиографиялык аппараттар коюла турган бөлмөлөрдүн абалы текшерилди.

Бирок, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары оңдоп-түзөө иштеринин өз убагында бүтпөй жаткандыгына көңүл бурду. Ал институттун жетекчилигине маселелерди карап чыгууда жетиштүү оперативдүүлүк көрсөтпөгөндүгү жана тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөөдөгү кемчиликтери үчүн сын айтты.