Аскат Жетиген учурда 27-нөмүрлүү түзөтүү мекемесинде жазасын өтөп жатат. Анын ден соолугу начарлагандыгы тууралуу кабар 12-июлда адам укугун коргоочу Гульшайыр Абдирасулова тарабынан жарыяланган.
Жетигендин адвокаты аркылуу жеткирилген катта ал акыркы убактарда көп баш ооруга кабылып жатканын жазган. Ал өзүнүн жалпы абалынын орто экенин, бирок ден соолугу эбак эле мурдагыдай эместигин билдирди.
Укук коргоочу ошол учурда Аскат Жетиген 19-августта бошонорун айтты. Азырынча Жазаны аткаруу кызматы анын абалы боюнча комментарий берген жок.
2024-жылы Бишкектин Свердлов райондук соту Аскат Жетигенди Кылмыш кодексинин 327-беренеси («Күч колдонуп бийликти басып алуу боюнча коомдук чакырыктар») боюнча күнөөлүү деп таап, үч жылга эркинен ажыраткан. Ал эми 278-берененин 3-бөлүмү («Массалык башаламандыкка коомдук чакырыктар») боюнча акталган. Жогорку инстанциялар бул чечимди өзгөртүүсүз калтырган.









