«Билим Next» форумунун алкагында «Заманбап мугалим» программасынын эксперти Жылдыз Дуйшенова ата-эне болуунун маанилүүлүгү тууралуу сөз кылды. Анын айтымында, коомчулукта балдарды сыйлоо зарыл деген түшүнүк бар болсо да, реалдуулукта кырдаал башкача.

93%ата-энелер балдарды урууга болбойт деп эсептейт
60%балдар үй-бүлөдө зоордукка учурайт

Дуйшенованын түшүндүрмөсүнө караганда, ата-энелерди тарбиялоо боюнча атайын билим берилбейт. Көпчүлүк өз тажрыйбасына таянат же өз алдынча үйрөнөт. Бирок стресс жана чоң жүктөмдөр изилдөөлөрдү жана жаңы ыкмаларды четке кагып, эски көнүмүш жүрүм-турушка кайрылууга себеп болууда.

Эгерде алар (педагогдор) ата-энелерге аң-сезимдүү болууга кичинекей иш-аракеттер менен жардам беришсе, балдардын жашоосу жакшырышы мүмкүн.
Жылдыз Дуйшенова, «Заманбап мугалим» программасынын эксперти

Билим берүү мекемелери бул жерде негизги ролду ойной алат. Мугалимдер күн сайын ата-энелер менен байланышта болгондуктан, алардын тарбиялоо ыкмаларын өзгөртүүгө жардам бере турган куралдар жана билимдерге ээ.