Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында төрөлгөн 44 жаштагы Айнура Бекбаева «Баатыр эне» наамына татыктуу болгон. Ал өзүнүн жашоосундагы маанилүү учурларды жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды бөлүшүүдө өзүнүн жары менен 27 жылдан бери бирге жашап келгенин айтты.
Жети баланын тарбиясы
Айнура Бекбаеванын жети баласы бар. Алардын ар бири өзүнүн билими жана келечеги менен өзгөчө сыймыктанат. Эң улуу кыздары БГУнун чет тилдер факультетин жана экономика факультетин аяктаган. Үчүнчү кызы медициналык академияда окууда. Эң кичинекейлери болсо 8 жаштагы эгиздер.
Балдарынын жаштары
Ар бир бала мага кымбат. Тарбиялоодагы бардык кыйынчылыктарды жана кубанычтарды күйөөм менен тең бөлүшөбүз. Эң чоң каалоом — алар ден соолукта болуп, билим алып, келечекте өз ордун табышсын.
Мугалимдик кесип жана коомдук иштер
Айнура Бекбаева Талас мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. Ал билим берүү тармагында 21 жылдык тажрыйбага ээ. Учурда Кашка-Жол айылындагы Жаңыбай уулу Тилек Баатыр атындагы орто мектепте кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп иштейт.
Ал өз кесибин сүйөт жана окуучулардын ийгилигин көрүү өзү үчүн чоң кубаныч экенин белгилеген. Ошону менен бирге, ал айылдын коомдук турмушуна да активдүү катышып турат.











