Түп районунда күзгү-кышкы мезгилге карата отун сатуучу пункттарынын иши жана көмүрдүн баасы көзөмөлгө алынды. Азыркы учурда аймакта 8 отун сатуучу пункт иштеп жатат.

Райондук жетекчилик Антимонополиялык мыйзамдарды сактоо боюнча кызмат тарабынан белгиленген бааларды көзөмөлдөп турат. Текшерүү учурунда көмүрдин ар кандай маркаларынын баасы чектен ашпай жатканы белгиленди.

Көмүрдүн маркалары боюнча баалар

  • Беш-Сары7 400 сом
  • Ак-Улак9 000 сом
  • Кара-Жыра11 800 сом

Turmush

Көмүрдүн маркалары боюнча баалар
Беш-Сары7 400 сом
Ак-Улак9 000 сом
Кара-Жыра11 800 сом

Түп районунда көмүр төмөнкү даректер боюнча сатылууда:

  • Түп айылы, Манас көчөсү, 19
  • Түп айылы, Шиловец көчөсү, 173
  • Түп айылы, Каракольская көчөсү, 1а
  • Кең-Суу айылы, Бектенов көчөсү, 69
  • Чоң-Таш айылы, Элебаев көчөсү, 1
  • Талды-Суу айылы, Турусбеков көчөсү, 62
  • Күрмөнтү айылы, Кырман жердиси
  • Михайловка айылы, Дзержинский көчөсү, 27