Кыргызстанда санариптик далилдерди колдонуу тартибин жөнгө салуучу жаңы мыйзам кабыл алынды. Бул документке ылайык, эгерде кылмыш иши болсо, тергөө органдары жарандардын электрондук түзүлүштөрүндөгү маалыматтарын талап кылуу укугуна ээ болот.
Мыйзамдын шарты боюнча, эгерде санариптик маалыматтар кылмыш ишине тиешеси бар болсо, аларды тергөөгө берүү милдеттүү болуп саналат. Бирок бул жагдай коомчулукта суроолорду жаратууда. Атап айтканда, кылмыш ишине байланыштуу эмес жеке кат алышуулар, сүрөттөр жана башка жеке маалыматтардын коопсуздугу кандай сакталат, бул азырынча так белгиленген эмес.
2024-жылдын 19-ноябрында кол коюлган бул мыйзам санариптик доордогу тергөө иштерин жаңы деңгээлге чыгарууну көздөйт, бирок жеке жашоонун купуялуулугу маселеси дагы деле ачык бойдон калууда.








