Бишкекте жаңы курулуштар жана урбанистика боюнча өткөн конференцияда риелтор Орозгуль Калмурзаева Ысык-Көлдөгү кыймылсыз мүлк рыногунун өсүшүнө себептерди түшүндүрдү. Анын айтымында, жээк аймагын адамдар эки башка максат менен сатып алышууда.
- Өзү үчүн сатып алуучулар: Бишкекте же чет өлкөлөрдө (Швейцария, Дубай, Анталья) үйү бар адамдар шаардын смогдон качып, табият менен жаңылануу үчүн апартамент же коттедж издешет
- Киреше табуу үчүн сатып алуучулар: Мүлкүн башкаруучу компанияларга өткөрүп берип, аны ижарага берип, пайда табууну көздөшөт
Аймакка дүйнөлүк ири мейманканалар тармактарынын кириши да рынокту өнүктүрүүдө чоң роль ойноп жатат. Алардын арасында Accor (Novotel жана Swissôtel бренддери), Hilton, Marriott, Mövenpick жана Azimut сыяктуу компаниялар бар.
Бул глобалдык компаниялардын келиши тейлөө стандарттарын жогорулатып, жакынкы турак жай комплекстеринин баалуулугун арттырат. Ошондой эле, чет элдик туристтерди жана ишкерлерди өзүнө тартат.
Мындан тышкары, «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагынын (СФИТ) долбоору да кыймылсыз мүлк рыногуна кошумча импульс берүүдө.











