Баткен облусунун Кадамжай шаарында көмүр жана эттин баасын мониторингдөн өткөрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Антимонополдук жөнгө салуу кызматтары билдиришет.
Текшерүү иштери 2026-жылдын 11-ноябрында өткөрүлдү. Иш-чарага Баткен облустук антимонополдук кызматтын адистери жана Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери катышты.
Текшерүүнүн жүрүшүндө опт базасындагы көмүр сатуучуларга Баткен облустук бөлүмүнүн 2026-жылдын 2-ноябрындагы №21 буйругу менен бекитилген талаптар түшүндүрүлдү. Бул документ Баткен облусунда калкка сатылып жаткан көмүрдүн максималдуу чектелген таракана бааларын белгилейт.
Мындан тышкары, көмүр жана эт сатуучуларга баалардын негизсиз жогорулашына жол бербөө керектиги айтылды. Алар Кыргыз Республикасынын «Баалар жөнүндө», «Конкуренция жөнүндө» жана «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамдарын так сактоого чакырышты.









