Ысык-Көл облусунун Барскоон айылында жерди өз максатында колдонбогон үч жаран айып пул төлөөгө тартылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жер жана суу көзөмөл кызматынын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн мониторингдин натыйжасында бул факттер аныкталган. Көзөмөл иштери Кыргыз Республикасынын Президентинин жерди мыйзамсыз ээлеп алуунун алдын алуу жана аны токтотуу боюнча чаралар жөнүндө № 109 укаатынын алкагында жүргүзүлгөн.
Укук бузуучуларга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 239-беренесине ылайык административдик айып пулдар колдонулду. Министрлик эреже бузуучуларга үч айдын ичинде кемчиликтерди жоюу боюнча жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрдү берип чыгышканын кошумчалады.










