Президент Садыр Жапаров Түп районунун 2021-2026-жылдар аралыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты. Бул учурда аймактагы ишке ашырылган долбоорлор, өнөр жайдын, айыл чарбасынын жана туризм тармагынын өнүгүүсү, ошондой эле келечектеги пландар каралып чыкты.

Акыркы беш жыл ичинде Түп районунда жаңы ишканалардын саны өсүп, алардын натыйжасында жумуш орундары түзүлгөн. Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү бул мезгил ичинде эки эседен ашык жогорулаганы белгиленди.

55жаңы ишкана
900жумуш орду
2эседен ашык өсүш (өнөр жай)