Кыргызстанда онкологиялык жана онкогематологиялык ооруларга чалдыккан балдарга медициналык жардам көрсөтүү системасы ырааттуу түрдө чыңдалууда. Акыркы жылдары бул тармакка мамлекеттик каржылоону көбөйтүү, диагностиканын сапатын жогорулатуу жана заманбап дарылоо ыкмаларын киргизүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Жогорку технологиялуу жардам фондунун алкагындагы каржылоо бир топ өскөн. Бул өсүш мамлекеттик саясаттын натыйжасы катары каралат жана дары-дармектерге, анын ичинде шишикке каршы препараттарга жеткиликтүүлүктү жогорулатууга шарт түзүүдө.
Жогорку технологиялуу жардам фондунун каржылоо динамикасы
Жаңы лаборатория жана диагностика
Медициналык жардам Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында, ошондой эле Ош шаарында көрсөтүлүүдө. Жаңы түзүлгөн иммунофенотиптөө лабораториясы бейтаптарды терең изилдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Бул ыкма кандын же жүлүндүн клеткаларындагы атайын белоктор аркылуу иммундук статусту баалоого жана гематологиялык ооруларда так диагноз коюуга жардам берет.







