Учурда Узген шаарын айланып өтүүчү 16 чакырымдык жол акы төлөнүүчү болуп саналат. Ал жерде жеңил унаалар үчүн 200 сом, ал эми жүк ташуучу унаалар үчүн тариф категориясына жараша белгиленген. Бул жолду жеке өнөктөш толук өз эсебинен кургандыктан, тарифти да өзү аныктаган. Ошондой эле Бишкектин Чыгыш жана Батыш айлана жолдору курулууда.

Келечекте акы төлөнүүчү жолдор

  • Ноокаттын 16 чакырымдык айлана жолу
  • Оштун 33 чакырымдык айлана жолу
  • Бишкек—Белогорка—Суусамыр альтернативдик жолу (түштүк багытын 150 км жана болжол менен эки саатка кыскартат)
  • Чоң-Курчакты жаңы айлана жолу менен байланыштыра турган эстакадалуу альтернативдик жол
  • Эгерде Бишкектин Түндүк айлана жолу алты тилкеге кеңейтилсе, ал да акы төлөнүүчү болушу мүмкүн

Депутат Мирлан Жеенчороев тарифтердин орточо өлчөмүн жана тарифтердин концепциясын суранып, башка өлкөлөрдөгү тажрыйбаны белгиледи.

Казакстанда 100 км үчүн 207 тенге, Өзбекстанда километр үчүн 4 цент, Россияда километр үчүн 3тен 10 рублга чейин төлөнөт. Бизде бир километр орточо канча турат? Инвесторлор аныкталдыбы, конкурстар жарыяландыбы?
Мирлан Жеенчороев, депутат