Токмок шаарынын Дача-2 айылынын тургуну Авазбек Набиев үч күн мурун изделет. Ал жумуш издөө үчүн Бишкекке кеткен, бирок азыркы учурга чейин үйүнө кайтып келген эмес.
Жаш баланын кабарсыз болуп калганы тууралуу анын тууганы Бактиян Набиева Turmush корреспондентине билдирди.
Анын айтымында, Авазбек Турцияга жумушка кеткенден кийин 20 күн мурун гана кайтып келген. Ал үй-бүлөдөгү алты баланын эң кичүүсү экени белгиленди.
Белгилери
- Ден соолугу
- жакшы, эч кандай оорусу жок
- Кийимдери
- кара куртка, кара шым жана кара баш кийим










