Ош — Иркештам трассасында оор жүк ташуучу унаалардын терминада «Каратай» топтолуп, тыгындар пайда болду. Бул маселени жөнгө салуу үчүн милициянын жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмү иш-аракетин күчөттү.
Ош облусундагы жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Мирлан Боенов терминалга барып, оор жүк ташуучулардын айдоочулары менен жолугушту. Аталган жолугушууда айдоочуларга жол эрежелерин так сактоо, ылдамдыкты ашырбоо, коопсуз аралыкты кармоо жана милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткаруу маанилүүлүгү эскертилди.
Милиция бөлүмүнүн маалыматына ылайык, оор жүк ташуучу унаалардын көп салып топтолушу себептүү автоунаалардын кыймылында кысталдактар жаралып, жол кыймылын жөнгө салуу жана айдоочулардын маалымдуулугун жогорулатуу иштери күчөтүлгөн.
Айдоочулардан жолдо тартип сактап, бир-бирин урматтоого аракет кылышып, анын натыйжасында кошумча тыгындар жана жол кырсыктарынын алдын алуу сунушталууда.













