Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдиргендей, жолугушууда ведомствонун директору Адилет Сотовалдиев менен Россельхознадзордун жетекчиси Сергей Данкверт сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.
Тараптар Кыргызстандын ишканаларын сертификациялоону калыбына келтирүү боюнча кийинки кадамдарды, ошондой эле ата мекендик продукциянын Россия рыногуна кирүүсүн камсыздоо үчүн компетенттүү органдардын өз ара аракеттенүүсүн карап чыгышты.
Мындан тышкары, ветеринардык контроль, Россиянын ветеринардык дары-дармектерин жана иммунобиологиялык препараттарын жеткирүү, ошондой эле аларды колдонуу боюнча илимий жана консультациялык коштоо маселелери талкууланды.





















