Сүрөттө энеси Жамалкан Сулайманкулова (ал кезде 21 жашта), сол жагында таякеси Акылбек Сулайманкулов, оң жагында атасы Токталы Өмүрзаков (экөө тең 25 жашта) тартылган.

Сүрөттөгү үй-бүлө

21энесинин жашы
25атасынын жашы
25таякесинин жашы

Надиранын айтымында, атасы Токталы Өмүрзаков кесиби боюнча музыкант, таякеси Акылбек аккордеондо ойногон. Сүрөт тартылган күнү алар атайын «Weltmeister Stella» маркасындагы жаңы кызыл аккордеон сатып алышкан. Ал кезде бул аспап абдан модада жана кымбат болуп, 120 рублга алынган.

Сүрөт тартылган күнү атайын жаңы кызыл аккордеон сатып алышкан. Ал кезде абдан модада болгон, кымбат аспапты 120 рублга алышкан.
Токталы кызы Надира

Атасы ал күндү көп эскерет жана ошол учурда энеси биринчи баласын күтүп жатканын айтып берет. Үй-бүлөдө үч бала бар: улуу агасы 1987-жылы туулган, андан кийин эжеси, ал эми Надира эң кичүүсү.

Бүгүнкү күндө ал аккордеон сакталган эмес. Тилекке каршы, энеси менен таякеси көз жумушкан. Атасы Токталы азыр 63 жашта жана эс алууда.