Бүгүн, 24-июлда, болжол менен саат 09:30 чамасында Бишкектеги Эркиндик бульвары менен Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишинде жол кырсыгы болду. Күбөлөрдүн айтымында, жөө өтмөктөн Lexus үлгүсүндөгү унаа жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен.

Окуя болгон жерге тез жардам унаасы келип, жабыркаган жөө жүргүнчүнү ооруканага жеткирген. Тез жардам станциясынан билдиришкендей, жабырлануучу Клиникалык тез жардам ооруканасына жеткирилип, анын колунан жаракат алганы аныкталган. Окуя болгон жерде жол кырсыгына катышкан унаа да калган.