Талас облусунда фермерлер өстүргөн төө буурчагын кайра иштетүүчү ишканага тапшыра баштады. Бирок кабыл алуу пункттарында кезектер пайда болуп, айрым дыйкандар күн-түн күтүүгө аргасыз экенин айтышууда.
«Номад ТВ» каналынын маалыматы боюнча, таза «Томатный» сортундагы төө буурчактын килограммы 100 сомдон, ал эми «Лопатка» сорту 135 сомдон бааланууда.
Түшүм кабыл алынар алдында нымдуулук жана кошундулар текшерилет, алар акыркы баага таасир этет.
Ишкана бир сатуучудан бир тоннадан ашык төө буурчак кабыл албайт, анткени бөлүнгөн каражат бүт түшүмдү чектөөсүз сатып алууга жетпейт.
Кийинчерээк кайра иштетилген төө буурчакты чет өлкөгө жеткирүү пландалууда.


















