Москвада улуу кыргыз жазуучусу Чингиз Айтматовдун өмүр баянына арналган фильмдин премьерасы болуп өттү. Тасма жазуучунун чыгармачылык жолун жана анын тагдырына таасир эткен окуяларды баяндайт.

Тасмага белгилүү орус актёрлору, анын ичинде Сергей Безруков да тартылышкан. Режиссёр Каныбек Калматов тасманын үстүндөгү иш тууралуу айтып берди, ал эми пластикалык грим боюнча адистер жазуучунун образын түзүүнүн чоо-жайы менен бөлүштү.

Москвадагы премьера толук залда өтүп, көрүүчүлөрдүн дүркүрөгөн кол чабуулары менен аяктады. Фильм 4-ноябрдан тарта орус прокатына чыгат.