Кочкор районуна караштуу тургун Акылбек Омуралиев жер тилкесин 2 жыл колдонууга аракет кылып жүрүп, көйгөйлөргө туш болгон. Ал бул маселени президент Садыр Жапаровдун Нарын облусуна болгон жумушчу сапарында түздөн-түз көтөрдү.

Президент Жапаров Омуралиевдин кайрылуусун угуп, жер маселесин чечүү боюнча Министрликтин башчысы Эрлист Акунбековго айрым тапшырмаларды берди.

Министрликтин жана тиешелүү органдардын аракеттери менен 13-июлга карата маселеге оң чечим табылды, жер тилкесин колдонууга байланыштуу тоскоолдуктар жоюлду.

Президенттин тапшырмасынын негизинде жарандардын кайрылууларынын оперативдүү кароо жана жер маселелерин чечүү иштери уланууда.