Суусамыр айыл аймагында алтын казуучу «Гер Майнинг» ишканасынын аймагында дамба жарылып, анын кир суусу Көкөмерен дарыясына агып кетти. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар видеокайрылуу жасап, мурун таза болгон дарыяга ылай баскан кир суу кошулганын айтышты.

Тургундар күз келери менен алтын казуучулар дамбаларды ачып, дарыяга кир сууну агыза башташарын белгилешти. Алар мал ичкен жана эл колдонгон суу таза болушу керектигин баса белгилешти.

Күз келиши менен алтын казуучулар дамбаларын ачып, дарыяга кир сууну агыза башташат. Мал ичкен, эл колдонгон суу таза болушу керек.
Суусамыр тургундары

Суусамыр айыл өкмөтү Панфилов районунун акими тарабынан атайын комиссия түзүлгөнүн, ал окуя болгон жерге барып текшерүү жүргүзгөнүн билдирди. Текшерүүдө «Гер Майнинг» ишканасынын аймагында дамба жарылганы, бирок дароо калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп, жарылуу жоюлганы аныкталды.

Окуя болгон жерге санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана Экотехинспекция кызматкерлери келип, сууга экспертиза үчүн үлгү алышты. Ошондой эле атайын акт түзүлүп, ага укуктук баа берүү Экотехинспекция менен прокуратурага тапшырылды.

Суусамыр айылынын тургундарынын айтымында, аймакта «Гер Майнинг» ишканасынан тышкары «Алтын-Жар» жана «Альфа-Зар» аттуу компаниялар да иш алып барат. Бирок алар жайгашкан жер Панфилов районунун Күрпүлдөк айыл өкмөтүнө убактылуу пайдаланууга берилген жайыт катары каралат.