Жогорку Кеңештин Агрардык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Кубанычбек Самаков Нарын районунун Жерге-Тал айылынын жанындагы «Кум-Бел» алтын кениндеги компаниялардын абалы боюнча маселе көтөрдү. Анын айтымында, 2020-жылдан бери ал жерде «Премьер Право» жана «АТ Минералз» компаниялары иштеп келет.
Депутаттын маалыматы боюнча, «Премьер Право» компаниясы бир жылдон бери иштебей жатат, ал эми жергиликтүү тургундардын айтымында, анын аянтында кимдир бирөөлөр тартипсиз иш алып барышууда.
Ал эми «АТ Минералз» компаниясы айыл өкмөтү менен келишим түзүп, БСР курууну убада кылган болсо, алты жылдык ишмердүүлүк учурунда бул долбоор башталган эмес. Мындан тышкары, бул ишкана айыл өкмөтүнүн бюджетине социалдык төлөмдөрдү акыркы эки жыл бою төлөп жаткан эмес.
Кубанычбек Самаков табият ресурстары министрлигинен компаниялар качан ишин кайра баштаарын, рекультивация иштерин жүргүзө тургандыгын жана рекультивациялык депозитке каражаттар которулганын жазуу жүзүндө билдирүүнү суранды.
«Премьер Право» компаниясынын тарыхы — өкмөттүн отчету боюнча, 2017-жылдын 24-ноябрында бул компания 3 990 долларлык баштапкы баа менен атаандаштыкка катышып, жерди пайдалануу укугу үчүн 232 000 доллар сунуштаган.









