Баткен облусунун Сулюкта шаарынан болгон Нууман менен Айпери жубайлар АКШнын Иллинойс штатындагы Чикаго шаарында жашашат. Алардын Америкага көчүп келиши 2022-жылы башталган.

Айперинин айтымында, алгач күйөөсү DV-2021 лотереясында утуп алган, бирок пандемиянын жана чектөөлөрдүн кесепетинен келе албай калышкан. Кийинки жылы, DV-2022 лотереясында Айпери өзү утуп алган. Алардын документтери тез каралып, 2022-жылдын 27-апрелинде үй-бүлөсү менен АКШга келишкен.

  • 2022-жылдын 27-апрели — Айпери, Нууман жана балдары АКШга келишкен