«Биздин рубежден» рубрикасынын кезектүү каарманы — АКШнын Иллинойс штатындагы Чикаго шаарында жашаган Баткен облусунун Лейлек районунун тургуну Динара Муратова болду. Ал жаңы чөйрөгө көнүп, тил үйрөнүп, балдарды тарбиялоо тармагында жаңы билимдерди алган.

Динара 1997-жылы туулган. Кыргызстанда ИСИТОдон медициналык билим алып, медайым жана акушер адистиктерине ээ болгон. Өз мекенинде бала бакчада иштеп, ошол эле учурда өзүнүн мекендештерине медициналык жардам көрсөтүп, укол жана тамчылатма коюп келген.

  1. 1997-жыл

    Динара Муратова Лейлек районунда туулган

  2. 2023-жыл, 17-ноябрь

    Үй-бүлөсү менен АКШга көчүп келген

  3. 2024-жыл, январь

    Америкага келгенден эки ай өткөндөн кийин уулдуу болгон

Америкага көчүп келүү чечими жаңы жерлерди көрүү жана балдардын келечеги үчүн жакшы шарт түзүү максатында кабыл алынган. Динаранын айтымында, алар дүйнөнү көрүү жана жашоосун өзгөртүү үчүн бул чечимге келген.

Биз башка адамдар сыяктуу дүйнөнү көрүүгө, жаңы жерлерге барууга, жаңы чөйрө менен таанышууга жана жашообузду өзгөртүүгө аракет кылуу үчүн чечим кабыл алдык. Ошондой эле балдарыбыздын келечеги жөнүндө ойлондук.
Динара Муратова

Ал АКШны мүмкүнчүлүктөрдүн өлкөсү деп эсептейт. Анын пикири боюнча, бул жерде улутуна, жашына же кайсы өлкөдөн келгенине карабастан, ар бир адам өзүн көрсөтүүгө жана өнүгүүгө мүмкүнчүлүк алат. Бирок, бул үчүн баарын даяр видеде бербестигин да белгилеп кетти.