Көмүр ишканаларынын өкүлдөрү жай мезгилинде экспорттогу чектөөлөрдү алып салууну суранып жатышат. Азыркы учурда бул тыюу үч жыл бою кармалып келген. Көмүр ишканаларын жер астынан казуучу ассоциациясынын жетекчиси Бакытбек Сапаркуловдун айтымында, күзүндө жана кышында ишканалар ички рынокту камсыз кылышат, бирок жай айларында суроо-талап төмөндөп калат.
Биздин көмүр сапаттуу. Эгер ал сатылбай сакталып турса, өзүн-өзү өрттөп алат, адамдар тыныс ала албайт. Күзүндө жана кышта контролдук болсун, бирок жайкы алты айга уруксат бериңиздер.
Ишканалардын башка көйгөйлөрү да көтөрүлдү. Атап айтканда, антимонополдук жана салыктык жөнгө салуулардын ортосундагы карама-каршылыктар айтылды. Сапаркуловдун маалыматы боюнча, ишканалар кышкысын антимонополдук орган белгилеген баадан жогору эмес сатышат. Бирок салык кызматкерлери текшерүү учурунда Лейлек районундагы базар бааларын негиздеп, салыктарды кошумча эсептеп беришет.
Ошондой эле инвестиция тарттуу маселеси дагы белгиленди. Кол менен көмүр казуучу ишканалар Кытайдан инвесторлорду тартууну каалап жатышат, бирок Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан коюлган чектөөлөргө туш болушууда.
Көйгөйлөрдү карап чыгуу үчүн Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев салык кызматтарынан текшерүүлөр боюнча конкреттүү фактыларды берүүнү талап кылды.












