Депутат Айсаракан Абдибаева Жогорку Кеңештин 7-октябрдагы жыйынында Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 1-бөлүгү ("Зордуктоо") жана 157-беренеси ("Он алты жашка чыга элек балага карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттер") боюнча пробациялык көзөмөлдү колдонуу мүмкүнчүлүгүн кароо сунушуна түшүндүрмө берди.

Педофил же зомбулук кылган адамга карата пробация же жазаны жумшартуу тууралуу сөз болгон эмес
Депутат Айсаракан Абдибаева

Абдибаева акыркы убакта анын 29-сентябрда соттук-укуктук маселелер боюнча комитеттин жыйынында айткан сөздөрү тууралуу текшерилбеген маалымат тарап жатканын белгиледи. Ал комитетте көтөргөн маселе анын жеке сунушу же жеке пикири эмес экенин баса белгиледи.

Депутат жетинчи чакырылыштагы парламент аялдарга карата зомбулук үчүн жазаны катаалдатуу боюнча мыйзам кабыл алганын, ал эми бул мыйзамдын демилгечилеринин бири өзү болгонун эскертти.

Кайрылуулар жана мыйзам долбоорунун тарыхы

Абдибаева 2026-жылдын 26-майында «Укук коргоо» коомдук бирикмесинин төрагасы Бекболот Калыбеков менен бирикменин мүчөсү Тахмина Кулубаевадан кайрылуулар келгенин айтты. Алар Кылмыш-жаза кодексинин 154 жана 158-беренелерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү маселесин көтөрүшкөн. Мындай кайрылуулар ага гана эмес, Башкы прокуратурага, Президентке, Ички иштер министрлигине жана Жогорку Сотко да түшүп жатканын, демек маселе бекеринен чыкпаганын кошумчалады.

Бул маселе июнь айында Жогорку Кеңештин соттук-укуктук маселелер боюнча комитетинин кароосуна киргизилип, тиешелүү органдар менен иштер башталганын депутат билдирди.