Алматы шаарындагы «Алатау» метро станциясынын кире бериши күчтүү жамгырдан кийин суу болду. Номад ТВ каналынын маалыматы боюнча, суу жер астындагы өтмөктү алып баруучу тепкичтердин жанында топтолуп, тротуардын бир бөлүгүн каптап калган.

Метрополитендин кызматкерлери кырдаалга тез арада киришип, сууну соруп чыгарышты жана аймакты тазалашты. Учурда метро станциясы кадимки тартипте иштеп жатат.