Бишкектин Абдымомунов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдө өрт чыкты. Nomad ТВнын билдирүүсүнө ылайык, түтүн үйдүн 9-кабатынан чыгып жаткан. Окуянын жарылуу менен коштолушу мүмкүн экени айтылууда.
Өрттү өчүрүү иштерине бир өрт өчүрүүчү топ жана автотепкир тартылган. Өрт өчүрүүчүлөр окуя болгон жерге саат 14:18де келген. Саат 15:05ке карата өрт толугу менен өчүрүлдү.
Учурда жабыркагандардын саны жана өрттүн чыгуу себептери боюнча так маалымат берилген эмес.








