Ош—Үзген трассасында жол кырсыгынын кесепетинен узак убакытка автоунаалардын тыгыны пайда болду. Кырсык Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында болгон.

Ош облусунун жол кыймылын камсыздоо коопсуздугу боюнча кызматтын маалыматына ылайык, окуя учурунда «Lexus» жана «Hyundai Porter» унаалары кагылышкан. Кырсыктан кийин бир адам медициналык жардам алуу үчүн ооруканага жеткирилген. Учурда кырсык болгон жерде адистер иш алып барышууда.

Окуячылардын айтымында, айдоочулар ушул кырсыктан улам болжол менен эки жарым сааттан бери кыймылсыз туруп калышкан. Алар Үзгенден Ош шаарына карай жөнөгөн учурда Садырбай айылынын жанында тыгынга кабылышкан.

Садырбай айылынын жанында кыймылсыз туруп жатабыз. Жол кырсыгы болгон окшойт, унаалар таптакыр жүрбөй жатат.
Окуячылардын айтымы боюнча

Кырсыктын себептери жана кененирээк маалыматтар кийинчерээк берилет.