EGUsphere илимий платформасында жарыяланган изилдөөлөргө таянса, Бишкек шаарына жакын тоолуу аймактарда өтө кооптуу суунун көлөмү чоңойгон. Кыргызстан, Германия жана Австрия өлкөлөрүнүн окумуштуулары мөңгүлөрдүн эриши натыйжасында жаңы тоо көлдөрүнүн пайда болуп жатканын аныкташты.

Адистердин айтымында, Ала-Арча өрөөнүндөгү жаңы пайда болгон көлдөрдүн биринин тереңдиги акыркы 10 жыл ичинде дээрлик төрт эсеге өскөн. Учурда бул сууларды табигый дамбалар кармап турат, бирок климаттын ысышы уланса, алар сынып кетүү коркунучу бар.