Сокулук районундагы жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларынын ортосунда «Жакшы болуу — узак процесс, жаман болуу — бир көз ирмемдик иш» деген аталыштагы сынак өттү. Бул иш-чара Сокулук районунун маданият бөлүмү тарабынан уюштурулду.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн билдирүүсүнө ылайык, катышуучулар эки тапшырма аткаруу менен өз деңгээлин көрсөтүштү. Окуучулар чыгармачылык жөндөмдөрүн, актердук чеберчилигин жана коомдук маселелер боюнча көз караштарын чагылдырууга мүмкүнчүлүк алышты.

Бул иш-чаранын негизги максаттары жаштар арасындагы терс көрүнүштөрдүн алдын алуу, үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо жана таланттуу жаштарды колдоо болуп саналды. Ошондой эле, жаштардын коомдук жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган.

Жеңүүчүлөр жана сыйлыктар

1орун
К. Карасаев атындагы мектепBluetooth-колонка
2орун
А. Жакшылыков атындагы мектепПроектор
3орун
Г. Капарова атындагы мектепКомуз