Бишкек шаарындагы Ч. Айтматов атындагы №117 жалпы билим берүү мектебинде 4-класстын окуучуларынын командалары үчүн «Коопсуздуктун жаш коргоочулары» сынак-кароосу уюштурулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Иш-чарага 11 команда катышып, алар үч багыт боюнча ат салышты: «ЖКЖИ — жол кыймылынын жаш инспекторлору», «ЖАД — Айболиттин жаш достору» жана «ӨКМ (ЖӨК) — жаш өрт өчүрүүчүлөр командасы».
Ар бир багыт коопсуздуктун маанилүү аспектилерин камтыды: жол кыймылынын эрежелерин сактоо, ден соолукту чыңдоо жана жеке гигиена, биринчи жардам көрсөтүүнүн негиздери, өрт коопсуздугу жана коопсуз эвакуация эрежелери.
Беш сыноодон өтүштү
Сынак-кароонун алкагында катышуучулар беш сыноодон өтүштү:
- Девиз жана речёвканы тааныштырышты;
- Саптык даярдыгын көрсөтүштү;
- Эмблема жана кийим үлгүсүн презентациялашты;
- Тандалган багыт боюнча коопсуздук эрежелерин билгендигин көрсөтүштү;
- Ситуациялык маселелерди чечкен көрүнүштөрдү көрсөтүштү.
Сынактын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр дипломдор жана грамоталар менен сыйланды.
Иш-чара учурунда окуучулардын жоопкерчилигин, тартибин, өз ара жардамдашуусун, командада иштөө көндүмдөрүн жана потенциалдуу кооптуу кырдаалдарда туура аракет кыла билүүсүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Мындай иш-чараларды өткөрүү балдарга күнүмдүк жашоодо коопсуз жүрүм-турумдун практикалык көндүмдөрүн калыптандырууга, жол, өрт жана жеке коопсуздук жаатындагы билимин жогорулатууга, ошондой эле тарбиялоого көмөктөшөт.



















