Чүй облусунун Москов районуна караштуу Садовое айылынын тургуну 40 жаштагы Ахмед Анбазов органикалык калдыктарды пайдалануунун оригиналдуу ыкмасын тапты. Ал калифорний курттарын көбөйтүү аркылуу айыл чарбасына керектүү органикалык жер семирткичтерди чыгаруу менен алектенүүдө.
Ахмед Анбазовдун бул иш менен алектенүү идеясы жердин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу жана айыл чарбасына кызыгуусунан келип чыккан. Ал өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп, иштин башында аз өлчөмдө гана баштаганын айтты.
субстраттын көлөмү300 кг30 тонна −90%
Жер өсүмдүктөрүн эгип өстүрүү менен алектенем, бир күнү биогумус чыгаруу үчүн өз курттарымды көбөйтүү идеясы келди. 2024-жылы байкап көрүүнү чечтим. Курттарды сатып алууга 15 миң сом жумшап, 300 килограмм субстраттан баштадым.
Азыркы учурда ал эки башка вермифермада курттарды жана субстратты көбөйтүү менен алектенүүдө. Курттарды көбөйтүү үчүн ал бурттар ыкмасын колдонот. Алардын азыгы катары алдын ала даярдалган навозу жана самандын аралашмасын (компост) колдонушат.
Мындан тышкары, курттар ар кандай органикалык калдыктарды, мисалы, пияз, сабиз, ашкабак, картошка жана башка жашылча-жемиштерди иштеп чыгууда колдонулат. Бул процессдин натыйжасында эң негизги продукция — биогумус алынат. Бул жердин түзүмүн жана түшүмдүүлүгүн жакшырткан табигый органикалык жер семирткич болуп саналат.




















