Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл департаментинин Чүй облустук башкармалыгы Сокулук районунун Кызыл-Туу айылында уруксат документтери жок өндүрүштүк цех курулуп жатканын аныктады. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
Текшерүүнүн жыйынтыгында вентиляциялык соргучтарды чыгаруу үчүн өндүрүштүк цех катары колдонууга арналган кампа жайы тиешелүү долбоордук жана уруксат берүү документтери жок эле курулуп жатканы такталды.
Аныкталган бузуулар боюнча «ЭкстраВент» ЖЧКсына акт түзүлүп, бузууларды жоюу тууралуу жазуу жүзүндөгү буйрук берилди. Мындан тышкары, жол берилген бузуу үчүн 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Бузуу боюнча негизги маалымат
Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «ЭкстраВент» ЖЧКсынын жетекчиси — Өмүралиев Айтегин Русланбекович, ал эми уюштуруучусу — Чодоев Таалай.

















