Чүй облусунун Кожомкул айылындагы мектепте өрт чыкканы кабарланды. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, алдын ала себеби — электр жылыткычтын жарылуусу болушу мүмкүн.

Электр жылыткыч жарылып, мектептен өрт чыкканы айтылууда
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматы

Өрт тууралуу кошумча маалымат азырынча бериле элек. Окуянын кесепеттери жана жабыркагандар жөнүндө так маалымат жок.

Жергиликтүү тургундар жылытуу сезонун кечеңдеткен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жоопкерчилигин кароо зарылдыгын билдиришүүдө. Алардын айтымында, мындай кырдаал мектептеги жылытуу маселесинин чечилбегендигинен улам келип чыгышы мүмкүн.